Мекендештер

Москвада эки кыргыз жараны мушташка айыпталууда

Кир жууган машина үчүн Москва шаарында мигранттар мушташа кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү сайттары жазып чыгышты.

Маалыматта, окуя Строгино районунда болгон. Мушташкандар 25-жаштагы кыргызстандык жигит менен анын 32-жаштагы тууганы ошондой эле бир топ славян улутундагылар болгон.

Эки мигрант МКАДдагы курулуш базарында иштеген. Алардын айтуусунда саат 21.00 чамасында Твардовский көчөсүндө бкир жууган машинаны жүктөө үчүн барышкан. Жүктөө учурунда чырдаша кетишип, мушташка айланып аягы ок чыгаруу менен аяктаган. 32-жаштагы кыргыз мигрант жаракат алып ооруканага жеткирилген. Полиция кызматкерлери келгенде мушташкан катышкан көпчүлүк из жашырып эки кыргыз мигранты калып калышткан. Учурда экөөнө административдик жоопкерчилик жүктөлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *