Коом

Москвада баш кошкон жолдошумдун аялы бар экен

Биринчи турмушум жакшы болбой эки айдан кийин ажырашып кеткенбиз. Бишкекте иштеп жүрүп кийин Москвага кетип калгам. Ал жакта беш жыл иштедим. Жердештер чогулган жерге кээде барып калчумун. Ошондой кундөрдүн биринде жердешим менен таанышып клдым. Бир жарым жылга чукул артыман чуркап журуп турмуш курдук. Ал буга чейин үйлөнбөнгөнүн айтып калчу.Ошондо мен өзүмдү бузулган адамдай сезип, оюмду ичиме катып калам. Үч жылга айланып жашообуз сонун болду. Бир уулдуу, бир кызду болдук. Мени иштетпей баарын камсыздап бакты. Бул учурда кайненем бир жолу келип кетти. Бирок көпкө турбады. Ичиндеги сырын айтпай көп нерсени кымтып кеткендей болду. Эки айга жетпей кыргызстандык белгисиз номер чалып калды. Алсам аял киши. Көрсө ал күйөөмдүн аялы экен. Андан беш баласы бар, алардын улуусу студент болуптур. Ушунчалык жаман болдум. Аялы кыйын аял экенин билдим. Мени менен урушпай ачык сүйлөштү. Көрсө анын үстүнөн айтпай алган мен эмес экемин, мага чейин да бирөөну алып андан бир уулу бар экен. Экөөбүздүн ортобузда бул сүйлөшүү сыр бойдон калды. Балдарым бир аз чоноюп иштегенге жарап калганда айтам деп ичимде катып жашап келем. Азыр мени күйөөңду же анын аялын танда десе ойлонбой туруп аялын тандап кетет элем.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *