Коом

Москвада 21 жаштагы кыргыз кызды өзбек жараны күч колдонуп зордуктады

Москва шаарындагы мейманканалардын биринде 21 жаштагы кыргыз кызын өзбекстандык жаран зордуктады. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя 10-ноябрда Москванын Ногинск районундагы мейманканалардын биринде болгон. Анда бөлмөлөрдү тазалап иштеген 21 жаштагы кызды ошол эле мейманканада иштеген өзбекстандык жаран жумуш учурунда бөлмөнү ичинен бекитип, зордуктаган. Кыз бул боюнча полицияга кайрылып, шектүү кармалган.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *