
Моргенштерн эми келбейт
17-кулжа, 2023-ж // Маданият // Айпери ОсмоналиеваОрусиялык рэпер Моргенштерн Бишкекте өтө турчу фестивалга катышпайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Буга чейин социалдык тамактарда Моргенштерндин концерти 23-июнга белгилене турганы айтылып айрым жарандар келишине каршы пикир калтырып жатышкан. Көп өтпөй бул талкууга түшкөн ырчынын келиши Жогорку Кеңеште да сөз болуп, «коомду бузган адам» катары баалап, келишине каршы болуп жатышкан.