«Молдо чалыш күйөөм токолдукка кызымдын 18 жаштагы курбусун жашыруун алып алды»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Карыганда жаш катын алып жыргайм деген кыял ар бир эркектин кыялы окшойт. Жыйырма жыл чогуу жашап, турмуштун ысык-суугун бирге тартып келген күйөөм элүүгө чыкканда кутурду. Акыркы беш жылдан бери жакшы жакка өзгөрүлүп, эки маал намаз окуп, кыздарыбыз да ыйман болуна тушуп калышкан. Улуу кызым мектепти аяктаар менен жуучу түшуп келип турмушка узатканбыз. Кызым деле күйөө бала менен мурда кийин жолугушпаптыр. Болгону алар ыйман жолунун шаррияттары менен узап кетти. Кудайга шүгүр жакшы жашап жатат. Экинчи кызым былтыр окууну аяктап, кондитердик курстарда окуп, иштеп жүрөт. Жолдошум эки жылдан бери токол алам сен уруксат бересиңби деп айта берчү. Аны капарыма албай тамашалап жатса керек деп койчумун. Эки кыз төрт уул бой тартып калды алардан уалат деп ойлогом. Көрсө оюнун баары арам экен. Эки ай мурун жолдошум токол кылып алам макул болду деп 18 жаштагы экинчи кызымдын курбусун жетелеп келди. Андан да кош бойлуу нике кыйдырып алганбыз дегенде эмне дээримди билбей калдым. Тамактанып отурганбыз, уулдарым түшүнбөй калып столдон туруп кетишти. Кызым болсо отурган жеринен тура калып курбусун бетке бир койду. Экөө ошол жерден жулмалашып араң ажыраттым. Эми күйөөм кызыңа тарбия берген эмессиң, тарбиясыз балдардын энеси менен жашай албайм талак берем дейт. Ал эми берки жаш кызды болсо кундө жетелеп келип көрунгөнду айтып башымды оорутчу болду. Ал кыздын ата-энеси билбейт экен. Эмне кылсам ата-энесине барып айтып, убагында токтотконум жакшы болобу? Кызымдын абалын ойлоп кабатырмын. Элден уялым сыртка чыгып эркин баса албай калдым. Ошондо атасынан улуу адамга тийип алган кыз тарбиясызбы же атасын менен курбусунун кылыгына ызаланган кызым тарбиясызбы? Мага эки азап бир келди.
Сабира

Аргумент.kg