Бишкек шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев эми бишкектиктерди жеке кабыл алат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алууга саат 10.00 баштап 14.00 чейин жазылуу менен каалаган жаран кирип өз маселесин айта алат. Шаардыктардын чечилбей келген арзы болсо түз айтып бетме бет отуруп чечүүнү кааласа Чүй көчөсүнүн №166 дагерине барып, жазылышы керек. Жазылууга ал адамдын жеке паспорту же башка документи болушу шарт.

Кошумча маалымат алууну каалагандар 0312 61 07 05