Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Жамиля Насирова Бишкек шаарынын жаны мэри Айбек Жанышбековичке сын айтып, кайрылуу жасады.

«Бишкек шаарынын мэри Айбек Жанышбекович! Бир кезде  президенттин аппаратында бирге иштеген элек, бирок сиздеги ашып-ташыган энергияны байкаган деле жок элем, момурайып эле  кагаз ташыган “серый” чиновниктин бири элеңиз.Шапа-шуп шаарды оңдоюн деген ыкласыңыз деле байкалбайт.

Мына  мусорго акы төлөгүлө деп эки ишканадан  квитанция келди, кимисине төлөйбүз, муну мен эле эмес,  фейсбукка 2-3 курдай пост жазышты, реакция НӨЛ…

Быйыл шаардык кеңешке  шайлоо болгондо, Ак Бата партиясынын лидери Түлеев Нариман бир кызыктуу окуяны айтып берген эле:”2007-жылы жаңы мэр болуп келсем, таштанды ташыган уюмдун жетекчиси  кабылдоомдо болду, бизге тийишпеңиз, керектүү акчаны сый акы катары ай сайын берип турабыз, бул жакта билген кишиге чоң пул ойнойт!” дептир.Сыягы чын эле, мусордо чоң акча каражаты ойнойт окшойт, Комтранском менен Тазалык ишканасы квитанцияны  талашканына караганда.

Айбек Жанышбекович, сизден расмий түшүндүрмөнү талап кылам, кимисине акча төлөйлү, баш катып турат!»-дейт Жамиля Насирова.