КоомСпорт

Мээрим Жуманазарова утулуп жатып акыркы 2 секундда жеңишти тартып алды

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова бүгүн, 1-август күнү килем үстүнө чыкты.

Кыргыз балбан кызы алгачкы жүрүшүн 1\8 финалда баштап, анда ал болгариялык Мими Христово менен кез келип, атаандашына 5:4 эсебинде жеңилип жатып, беттеш бүтөрүнө 2 секунд калганда атаандашынын артына өтүп, 2 упай алып 6:5 эсебинде жеңүүчү аталды.

Чейрек финалда Мээрим Жуманазарова азербайжандык балбан менен нигериялыктын жеңүүчүсү менен кез келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *