Митингчилер Нурсултан Назарбаевдин эстелигин кулатып салышты

Казакстанда митингчилер экс-президент Нурсултан Назарбаевдин эстелигин кулатып салышты. Бул тууралуу оппозициячыл Мухтар Аблязов социалдык баракчасына сүрөттү жарыялады.

Анын айтымында, кагаз түрүндө өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев болгону менен баарын Нурсултан Назарбаев башкарат. Конституция боюнча ал өмүр бою Коопсуздук кеңешинин төрагасы жана ал муну менен бүтүндөй элди башкарып келет.

Нурсултан Назарбаевдин эстелигин кулады, бирок бул анын режими кулады дегендик эмес. Толук түрдө демонтаж болуусу үчүн саясий система түп тамыры менен кетиши керек. Ошол эле Назарбаев, акимдер жана парламент. Биз Назарбаевди кармап, өмүр бою жеп келген мүлктөрүн конфискациялап, ачык жана таза парламенттик шайлоо өткөрүп, президентин милдетин жокко чыгарып, парламенттик республиканы курганыбызда гана Назарбаевдин режими бүттү десек болот», — деп жазган ал.

Add your comment

Your email address will not be published.