Саясат

Мискенбаев: Сооронбай Жээнбеков резиденциясында үй камагында жаткандай эле жатат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын август айында Кой-Таш айылындагы үйү штурмга алынгандан бери эки жыл өткөнүнө байланыштуу бүгүн анын тарапташтары атайын жыйын өткөрүп жатышат. Жыйынга катышкан мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев «Сооронбай Жээнбеков өмүрү өткөнчө өкүнүп өтөт» деген пикирин билдирди:

«Коомчулукта «Соке камалсын» деген талаптар күч алды, мен сооротуп кетейин. Сооронбай Жээнбеков резиденциясында үй камагында жаткандай эле жатат, иниси камалганда бир ооз сөз айта алган жок. Бул түрмөдөн да оор. Мына кудайдын таразасы, мына кудайдын жазасы!»,–дейт Мискенбаев.

Эсиңиздерде болсо, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 2019-жылдын 8-августунда кармалган. Анда штурм учурунда атайын кызматтын бир офицери каза таап, 100гө чукул адам жабыр тарткан.

Штурмга алууга ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда конфликт негиз болгон. Барынан кызыгы, 2017-жылы президенттик шайлоодо Атамбаев Жээнбековдун талапкерлигин колдоп, жарышта сүрөп турган.

Атамбаев менен Жээнбековдун чыры ачыкка чыккандан кийин, парламент тарабынан мурдагы президентке коррупция жана кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча айып тагылган.

Башкы прокуратура бул айыптоолорду колдогон — көп өтпөй Атамбаев кол тийбестик укугунан ажыратылган. Бул болсо прокуратурага аны суракка чакырууга мүмкүнчүлүк берген. Бирок мурдагы президент Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка үч ирет келген эмес. Анын Кой-Таштагы үйүн штурмга алуунун расмий себеби да ушул болгон.

Штурмдун биринчи күнү, 7-августта Атамбаевдин тарапташтары атайын операция жүргүзүү үчүн келген УКМКнын алты кызматкерин барымтага алган. Бирок эртеси күч органынын кызматкерлери бошотулуп, Атамбаев колго түшкөн.

Камакка алынгандан кийин бийлик Атамбаевге карата бир нече кылмыш ишин козгоп, массалык баш аламандыктарды уюштурууга, адамдарды барымтага алууну уюштурууга, адам өлтүрүүнү уюштурууга жана адам өмүрүнө кол салууга аракеттенүүгө айыптаган. Ушул тапта Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү колониясында.

Ал ошондой эле 2020-жылдын 9-октябрында Ала-Тоо аянтында «Массалык баш аламандыкты уюштурууга» шектелип жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *