Мирлан Дүйшөнбаев: «Тенгиз Бөлтүрүккө үмүт чоң болчу, бирок ал дагы мыйзам бузууга жол берди»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Адатта «сырттан билип алып, ал жакта иштеп, тажрыйба топтоп, жаңыча көз караштарга, дүйнөтаанымга ээ болгондор өлкөбүзгө келип иштесе, өнүгүү, өзгөрүү болот эле, алар таза иштешмек, коррупцияга жол беришмек эмес» деген ишеним, үмүт менен жашап келебиз.

Андай ишенич менде да бар болчу. Айрыкча дүйнөнүн атактуу тоо кен компанияларында жетекчилик кызматтарды аркалап, очойгон айлыктарды алып, тоюнуп калган Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр» компаниясына жетекчи болуп дайындалганда, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн таза иштеп берет го деп ойлогом.

Неси болсо да ток адам, капчыгы толо адам, коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс адам деп. Бирок күткөн үмүт дагы таш капты. Компаниянын финансылык жагы таза эмес экен, бир катар мыйзам бузууларга жол берилиптир.

Компаниянын каржысын кандай калчаган, канчаны капчыкка салган, кандай мыйзам бузууларга барган, ага укук коргоо органдары так жообун берер… Айтайын дегеним, мамлекетибиз качан коррупциялык көрүнүштөрдөн арылат, уурдамай, жемей, акча өөнөмөй, элдин ырыскысына кол салмай качан токтойт?

Карысы деле, жашы деле, тогу да, ачкасы да, билимдүүлөрү, билимсиздери да кызарган жерди, акча жыттанган жерди баса калууга даяр турушат. Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө көп сөз болгон сайын ал ошончолук күчөп, республикалык, облустук, райондук масштабда дале уланууда.

Тээ Акаевдин кезиндеги коррупция менен күнү бүгүн да күрөшүп атабыз. Бирок күрөштүн аягы көрүнбөйт…

Ушундай ойлор көп ойлондурчу болду…

Булак: Саясат.kg

Аргумент.kg