Мирлан Бакиров кызматтан кетти

Мирлан Бакиров кызматтан кетти

28-бирдин айы, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагалыгы кызматынан бошотулду. Ордуна финансы министрлигинин алдындагы финансылык чалгын кызматынын башчысы болуп иштеген Канатбек Тургунбеков  дайындалды.

Ошентип, эки жыл Мүлк фондун башкарган Бакиров кирешелүү ишканаларды көрүнгөн жакка таратып бүтүп, иштен кетти.

Башкача айтканда, Мүлк фондусуна караштуу «Дастан», «Мега» ишканасын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өттү.

Мындан тышкары, «Аманат»  аттуу холдинг түзүп, ага «Манас» аэропорту, «Кыргызнефтегаз», «Кыргызалтын» сыяктуу 16 ири кирешелүү ишканаларды өткөрүп берди.

Айтор, мамлекеттик мүлктү майкандап, бөлүп-бөлүп таратып жиберип, «Мавр өз ишин жасады, эми кете берсе болот» дегендей басып кетти.