
Министр Т.Ибраевдин сөзү ишине төп келбейт, Чүй облусунда свет өчүп атат
16-баш оона, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваСары Өзөн Чүй облусунда маал-маалы менен жарык өчүп, карапайым калк таңгалууда. Эгерде мындай темп менен кете беришсе, кышында элибиз кантет? Азырынча көпчүлүк чыдап, ичтен кайнап аткандай. А эртең эмне болот? Баса, энергетика министри Таалайбек Ибраев томпоюп отуруп алып, “свет өчпөйт, элге шарт түзүп беребиз” деп оозу-мурду кыйшайбай айткан. Аңгыча эле өчүрүүлөр башталды. Ушунча да эки сүйлөйбү?
“Азия Ньюс” гезити