Министр Ниязбековдун сүймөнчүк кадрына айланган Боронов генералдыкты алабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Толук мүмкүн. Ар бир министрдин сүймөнчүк кадрлары болот эмеспи. Бул жааттан көп мисалдарды келтирүүгө убакыт бар. Асыресе, дээрлик ОИИБ начальниктеринин ичинен кимиси министр Улан Ниязбековго жакын экенине кызыктык. ИИМдин борбордук аппаратындагы өздүк булагыбыз билдиргендей, башкаларга салыштырмалуу Баткен ОИИБ жетекчиси Мурат Бороновдун шефке ымаласы жылуу. Улан Ниязбековду жогорку деңгээлде сыйлаганы, көз карашынан илгиртпей көп нерсени түшүнгөнү, ой-пикирлери дал чыкканы жөн жерден эместир. Мындай түз мамиле улана берсе, жыл аягына чейин Мурат Боронов генерал-майор чинин алары, кызматтык карьерасына жашыл жарык күйөрү болжонууда. Тегин жерден жылдыздары төп келишпесе керек. Ортолорунда дагы кандай сырлар бар?.. «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg