Министр катары Алтынбек Максутов жарабай калса, ордуна ким келет?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ишенимди актай албай, артынан сөз ээрчите баштады. Ток этерине келсек, бул кадр кызматынан кетиши мүмкүн. Жогорку жетекчиликтин купулуна толбой калганы кабарланды. Маданияттан сырткары да маалымат, спорт, жаштар саясаты боюнча тармактардын иштери артта калып, ыраатсыздык өкүм сүрүп, тийешелүү тапшырмалар өтөөсүнө чыкпаганы талкууга алынууда. Сыягы, Алтынбек Максутовдун ордуна күчтүү жетекчи дайындалбаса, келечекке карай чечкиндүү кадам салуу кыйын. Демек, жакынкы убакытта эргулдун тагдыры жарга асылбаса да, министрликтен узатып коюшары күтүлгөн көрүнүш.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg