Саясат

Министр Кайрат Иманалиев оозу менен орок оргон адатын таштабаптыр

Президенттен элдин көзүнчө сөгүш алган маданият, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев олимпиадада байге алып келген спортчуларды тосуп алуу аземин жөндөп уюштура албай кепке калды. Бул эргул театрларды, китепканаларды оңдоп, маданият үйлөрүн иштетейин деген ниети деле жок. Болбосо, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан №2 Жусуп Турусбеков атындагы китепкана арак саткан дүкөнгө айланып кеткенин жазган элек, министр бир кызыгып койгон жок. Кайрат Иманалиев министр болсо деле баягы тамада кезиндегидей тилин сайратып, иш бүтүрбөй, маселе чечпей, оозу менен орок оргон адатын таштабаптыр.

Булак: Азия News гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *