Бакай Кашкарбаевдин айыл чарба министрине кеңешчи болушу коомчулукту бир дүңгүрөтүп алды. Кеңешчинин айланасында бир топ суроолор да пайда болгон жок.  Мындай ар турдүү суроо, пикирлерге министр Аскарбек Жаныбеков жооп берди.
“Кеңешчи боюнча айтсам,көпчүлүк  бакырчаактарды эле ала бересиңерби деп жатасыңар. Ачык айтсам сын айтасыңбы, сунуш бер, сунуш бересиңби жаса, жасайсыңбы жооп бер-деген принцибимбар.  Бизде азыр эмне көп, серепчи. Бизде ким көп, сунуш айткандар. А жоопкерчиликти моюнга алышыбыз керек да. Мына ошон үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Айыл, суу чарба, аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдын 24-ноябрында бекиткен жобосунда коомдук кеңешчи мамлекеттик кызматта иштегени маанилүү эмес экени айтылып турат. Бакай Кашкарбаевдин маселени элге жеткиргенге мүмкүнчүлүгү бар экен. Биз аны эмнеге пайдаланбашыбыз керек? Бир сом акча төлөбөсөк, кабинет бербесек, командировка бербесек, эмнеге болбосун. Биздин саясатты элге жеткириш керек, жериндеги элдин мүдөөсүн мага жеткириш керек. Бүгүн ушул аракеттерди кылуу үчүн чоң аракеттерди кылып жатабыз”, – деди жооп узатты министр.