Министр Алымкадыр Бейшеналиев: «Курдуруп жаткан көп кабаттуу батирлерди үйү жок дарыгерлерге бекер берем»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз каражатына дарыгерлер үчүн үй курууну көздөөдө. Бул тууралуу ал массалык маалымат каражаттарына  билдирди.

Министрдин айтуусунда үй-бүлөсунө караштуу Ысык-Көлдө жайгашкан    130 коттеджди сатып, учурда ал каражатка мамлекетте иштеп бирок үй жай ала албагандарга бекер бермекчи.

«Коттеждерди уулумду сатууну сунуштагам. Бизде 15-20 миллиондой акча бар, баарын элиме короткум келет. Эми дарыгерлер үчүн 148 батирлүү үй салайын деп жатам. Муктаж болгондорго, үйү жокторго таратам. Совет жана Донецка көчөлөрүнүн кесилишиндеги салынып жаткан үй.  Ал жерде түрк фирмасы куруп жаткан, мен алар менен жарым жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Алар жерди сатып алышты, 2 миллион доллар коротушту. Бүгүн Түркияга учуп, кечинде жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, канча айтса ошончо акча берип, курулушту улантып жатам.  Мен көптөн бери дарыгерлерге жардам берип келем, болгону батирлеримди дарыгерлерге, артисттерге, комузчуларга белекке берем. Мен Кыргызстандагы эң бай адамдардын биримин. Кечээ травматология бөлүмүн ачып, оңдоп-түзөөгө 1 млн. Азыр «Алтын балалыкты» жасап жатам, 10 миллион долларга жакын акча короттум. Саламаттыкты сактоо министрлигинен акча албайм, жада калса айлыгымды да, хирург болуп иштеп жүргөндө акча албадым, карылар үйүнө жана башкаларга котордум. Мага 20-25 миң сом айлыктын эмне кереги бар», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Булак: аrgument.kg

Аргумент.kg