Милиция кызматкери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Милиция кызматкери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

13-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Милициянын кайгуул кызматкери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызматтык текшерүүнүн материалы боюнча кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө «Рено-Логан» үлгүсүндөгү бузулган патрулдук автоунаага мыйзамсыз күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруу фактысы аныкталган.

Аталган окуя боюнча , милициянын кайгуул кызматкери 10 миң өлчөмүндөгү акчаны берсе, ишти женилдетээрин айткан.

Булак:Аргумент кж