
Милиция: Элди 27 млн сомго алдап кеткен курулуш компаниясынын директору кармалды
02-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкекте курулуш компаниянын директору алдамчылыкаа шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрб райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-сентябрда милицияга аял киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 2020-жылы 11-августта шаардагы курулуш компанияларынын биринин А.З. аттуу директору Фучик көчөсүндө салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү батир берем деп убалап 1 млн 921,8 миң сом алып, алдап кеткен.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү катары 32 жаштагы А.З. аттуу жаран кармалган. Октярбрь райондук соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынган.
Милициядан билдиришкендей, учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экенин аныкталып, ал жарандарды 27 млн 92,5 миң сомго алдап кеткени белгилүү болгон.
Булак: Аргумент кж