
Милиция: Эки аял WhatsApp’та тайпа түзүп, жарандарды алдап жүргөн
23-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЧүйдүн Сокулук районунда каржы пирамида уюштуруп, жабырлануучуларга олуттуу өлчөмдөгү материалдык зыян келтирген дагы бир аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-августта милицияга 37 жаштагы жаран кайрылган. Ал билдиргендей, «А» жана «Г» аттуу чала тааныш аялдар WhatsApp мессенджеринде бир нече тайпа түзүп, «акчаңарды кыска аралыкта эки эсеге көбөйтүп беребиз» деп 65 миң сом акчасын котортуп алып, алдап кеткен.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Финансы пирамидаларын уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Буга чейин милиция «А» аттуу шектүү Бишкек шаарынын з8 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну экенин аныктап, колго түшүргөн. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
16-августта бул иш боюнча экинчи шектүү кармалган. Ал 40 жаштагы С.Г. аттуу жаран болуп чыккан. Экинчи шектүү да убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
«С.Г. жана Ж.А. аттуу шектүүлөр WhatsApp мессенджеринде карапайым жана улуу курактагы адамдардан турган «Ийгилик», «Оомат», «Акча Салмай», «Береке», «Алтын Ынтымак» жана башка бир нече тайпа түзгөн. Аларды «кыска убакыттын ичинде акчаңарды эки эсе көбөйтүп беребиз» деп алдап, акчаларын «МБанк» жана «Оптима» банкынын эсебине котортуп алып, материалдык пайда көрүп жүрүшкөнү аныкталган», — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.
Булак: Аргумент кж