
Микробиолог Айгерим Күмөндөрова: “Микробиолог болуу оңой эмес”
15-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКыялдануу жакшы бирок ал кыялды орундатууга көптөгөн чыйыр жолдор жана тынымсыз эмгек керек. Ошондой кыялдары менен жашап, Түркиянын Жогорку окуу жайларында окуп, Кыргызстанда жакшы өнүгө элек микробиолог боюнча илимдер докторлугун (PhD) алган Айгерим Күмөндөрова тууралуу баяндамакчыбыз.
Билим алууга шарт эмес аракет керек
Кичинемде эле математикага жакын болчумун, чоң атам Советтер Союузу учурунда Тамга айылынын эсепчиси болуп иштечү. Мага чоң атамдын эсеп чоттору кызык болуп көп кармалап көрөт элем. Бирок так илимге эмес көркөм сабактарга жакын болчумун. Дайыма немец тилинен олимпиадаларга барчумун. Кыялымда немец тилинен котормочу болсом деп кыялданчумун. Бирок кесип тандоого келгенде атамдын университетте иштеген агасы мага чоң бурулуш жасоого аракет кылды. Болбой эле БГУнун гуманитардык факултетинин бирине талорнумду салдым. Экинчисин ветеринария факультетине салдым. Ветеринардык факултетке өтүп каалоом жок эле окуп калдым. Тандоом о да мүмкунчүлүк жок болучу. Ошентип мен мурда укпаган микробиолог менен кесипти окуп калдым.
Микробиолог өмүр кесиби
Микробиолог болуу менен жаңы вакциналарды, дарыларды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгу бар. Бул болгону бир гана бөлүгү. Кандай оору болбосун микробиологдун жардамысыз ал оорунун келип чыгуусун, өрчүшүн жана айыгышын билүү кыйын. Ошондой эле бул кесипти аркалагандар жаңыча техника менен иш алыр баруусу шар. Бизде болсо бул жагы каралбай калган. Советтер союзунан калган техникалар менен иш алып барышууда. Башка жактын микробиологдорун карагылачы, өнүккөн шартта , жаныча иш алып барышат. Мен да кыргызстанымда ушундай заманбап лабораториялар ачылып, анда жаш күчтүү микробиологдор иштөөсүн каалайм.
Стамбул мага жеңил болгон жок
Чынын айтсам мен орто жашаган карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. Башка өлкөдө окуп калышым башында оор болду. Ата-энем колунан келишинче мага жардам берип жүрдү. Окуу жайдан алган стипендиям 700 лир болгондуктан лабораторияда кошумча иштеп жүрдүм. Алты жети айдан кийин 1500 лир болду. Бирок бул каражат деле күнүмдүк жашоо турмушума жетпей калчу. Түрктөрдүн маданиятына көнө албай жүрдүм. Алар чай үстүндө сүйлөшөт, чайчыл адамдар. Көпчүлүгүнүн тиштери ачуу демделген кара чайдан улам тиштери каралжын тартып турат. Мен чайга көп жок болгондуктан улам ушул маданиытян кабыл ала албай көпкө кыйналдым. Кийин чет элдик студенттерге микробиология, иммунология, биотехнология, биофизика сыяктуу предмеддерден сабак берип жүрдүм. Бул мага өсүшүмө чыйыр жол болду. Билим алам деген студент өзү изденип окуйт. Ал эми окутуучулар аларга багыт гана беришет. Алар менен кошо окуп жүрүп көп нерсени ичинен билдим. Илимий ишим мултиплекстик ПЦР болду. Катары 16 организм боюнча илимий эксперимент жасадым. Ошентип, көптөгөн клиникалар ПЦР маалымат чогултуу үчүн барышты. Жүргүзүлгөн иштердин катмары белгилүү натыйжаларга алып келди, бул ыкма менен бактериялардын бар-жоктугун аныктоого болобу деген суроо боюнча жылыштарга жол ачты. Кызыгы менде алардын 16сы бар болучу. Илимий ишим үчүн аларды кадимкидей денемде багып, айрымдарын өстүрүп жаттым. Биз бул бактериялардын турмуштук активдүүлүгүн жана алардын жашоо шартында жүрүм-турумун изилдедик. Таза жуулду деген колубузда дагы микроорганизмдер жашаарын баары биле беришпейт да.
Илимдер докторун алуу үчүн эмес өзүм үчүн тынымсыз окуйм
Кыргызстандагы окумуштуулардын айрымдары илимий даражда алуу үчун окушат. Менде андай болгон жок. Улам жаны нерсени көргөн сайын сүңгүп кирип окуй бердим. Тынымсыз окудум. Дипломдук ишимди коргоо учурунда карантин болуп калгандыктан аралыктан тапшырдым. Ал учурда баардык лабораториялар жабылып, айрымдары бош эмес болуп калды. Бул мен үчун чек эмес башка өлкөлөргө барып окуумду улантып лимий иштериди жасагым келет. Учурда Жапон өлкөсүн, Америка жана Европанын башка өлкөлөрун караштырып жатам. Окуйм деген өспүрүмдөр ата энем шарт түзүп бербей койду деп наалыганча, издениши керек. Азыр окууга баардык шарттар бар. Ар кандай эл аралык уюмдарга волонтер болуп кирип иштешсин. Интернет желеси кенен ал жактан өзүнө керектүү билим боюнча кошумча билим алышсын. Чыныгы бийиктикке жетүү үчүн оор жолдорду басып өтүшү керектигин эстеринен чыгарышпаса дүйнөнү багынта алышат.
Булак: Аргумент.кж