Мигранттарды чек арадан мыйзамсыз өткөрүп жүргөн адам кармалды

Мигранттарды чек арадан мыйзамсыз өткөрүп жүргөн адам кармалды

03-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Ошто мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип 67 жаштагы чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта шектүү кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу адамдарды мыйзамсыз алып кирип-чыгып жүргөнү айтылат. Ал мигранттарды Ноокат районуна жеткирип, иш менен камсыз кылып турган.

Кармалган адамга мыйзамсыз миграция уюштуруу жана чек араны мыйзамсыз өтүү айыбы менен иш козголуп, камакка алынды.
Булак; Аргумент кж