
«Миграцияда жүрүп суук тийгизип алдым». 8 жыл боюнда боло албай жүргөн Айжандын окуясы
27-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСаламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Кыргызстанда үч миңге жакын жубайлар эркек же аял тукумсуздук көйгөйүнө кабылат. Бирок көпчүлүк учурда түгөйлөр балалуу болбой жатса коом аялга жоопкерчиликти жүктөйт. Тукумсуздук маселеси репродуктивдүү ден соолук жана үй-бүлөнү пландаштыруунун башка көйгөйлөрү сыяктуу эле Кыргызстандын кайсы бир облусуна байланыштуу эмес. Бирок Баткен облусунун мисалында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери кандай учурларга туш болуп жатканын айтып берет.
«Көйгөй менде го деп ойлогом.» Айжандын окуясы
«Жолдошум экөөбүз Россияда миграцияда болчубуз. Көбүнчө кара жумуштарда иштечүбүз. Мен идиш жуугуч болдум. Жолдошум гүл дүкөнүндө иштечү, дайыма муздаткычтын ичинде жүрчү. Ошентип күйөөм экөөбүз жыныстык органдарыбызга суук тийгизип алдык», — дейт Айжан (аты өзгөртүлдү).
Айжан жыныстык органдарына суук тийгенин боюнда болбой жатканынан улам гинекологго барганда гана билген.
«Биринчи балам турмушка чыккандан кийин тез эле боюмда болуп калды. Экинчи ирет боюма көпкө чейин бүтпөй жатып, көйгөй менде деп ойлоп, доктурга кайрылсам, сезгенүүнү аныктап, дары жазып беришти. Дарыгерлер айткандын барын жасадым, бирок боюмда болбой жатты», — дейт ал.
Булак: Аргумент кж