Менин жолдошум бизге кийим кече алып берип эки жака алып чыккандан коркот

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жолдошум экөөбүз сүйүшүп жүрүп эле үйлөнгөнбүз.Үйдү ээлеп кала турган кенжеси күйөөм.2 эле кайнежемдин күйөөсү бар турмушта ошолор деле 3 күйөөсү жок кайнежемдер биздин турмушубузга кийгилише берип тажатышты . Күйөөмдүн тапкан акчасынан бери кийгилишип тажатышты .Күйөөм алардан коркуп мага да балдарына да эчтеке алып бере албай калды .Тапкан акчасын кайненем алат .Ага бербесе кыздарына чалып ыйлап чатак салат . Үйдө эт жок тамак жасаганга продукта жок чиедей балдар менен ачка отурсак күйөөмдүн таап келген акчасын алып ар 2 же 3 ай сайын санаторийге барып жатып алат айына 5 миң 10миңден кетирип .Москвада иштеп да жүрдүк балалуу болгуча .Уй жай же машина мал кылалы деп тапкан акчаларды салып жүрүп келсек эчтеке кылышпаптыр .Кайнагам да 2 баласы аялы менен бөлүнүп кетишет элек жер бергенбиз .Свет суу налог төлө,баарыны бак күйөөм экөөбүздүн мойнубузда болуп мен баарына малай болуп калдым .Торкунумдо да барбай калдым үй тирилигинен бошобой .Кыш жакындаган сайын көмүр алгыла 3 тонна ,2 кап ун алгыла антикиле деп бизге айтып турат. Кайненем өзү 6 миң пенсия алат бизге 1 сомун да көрсөтпөйт.Абысыным менен кайнагам жатышат бөлүнүп чыгайын ,же балдарды таштап иштеп үйүбүздү тургузуп чыгып кетели деп ойлошкон да жок .Мен үйдө экем балдарыңарды карап берейин Москвага барып иштеп алгыла десем да конушподу .Акыры тажап балдарымды алып төркүнүмо келе бергем. 1 жылдай болуп калды .Күйөөм Москвада балдарына акча салып турат .Кайнагандар үйүн дубалын тургузуптур .Эми бир туугандар баары 10 миңден чогултуп крышасын жаап беришет экен .Ошолор кышка чейин бөлүнүп кетишсе анан бизди алып кет дедим күйөөмө. Жашаганыбызга 5жыл болсо 5 жыл ичи жыл сайын төркүнүмо барып балдарыма өзүмө кийим кече кылдырып келем. Менин жолдошум бизге кийим кече алып берип эки жака алып чыккандан коркот .Эжелер ал жакта калсын жездеси киришет. Мени аябай начар келин деп айтат экен күйөөмө .Ошолорду кантип бизге кийгилишкенин токтотсо болот ?Жардам бергилечи кеп кеңеш берип .Мен же ичим тарып атамбы ?

Аргумент.kg