Менин уул болушумду күткөн атам акыры кечирим сурады

Менин уул болушумду күткөн атам акыры кечирим сурады

25-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Мен төрөлгөндө атам төрөтканага барбай койгон. Төрөлөр менен күнөөлүү сезими менен төрөлгөм. Кыз болуп төрөлгөнүм үчүн күнөөлүү элем. Атам муну кичинемден айтчу. Анда, күнөөм жок экенин кайдан билем, ичип келип мени жемелегенде унчукпай угуп отура берчүм.

Атам үчүн балалыгым оор болду. Балалыкта ойноп-күлүп, ата-эне мээримин алып, жакшы сөз угуп чоңойсоң сонун эмеспи. А мен атама жаккым келип чоңойдум.

Белим ооруганына карабай оор жумуштарды жасачум. Бүт жумушту жасап, атүгүл, мектептен да жакшы окудум. Ошентсе дагы атам бир дагы чогулушума басып барбады, алып келген грамоталарымды карабады. Барса, эжейим мактаса, мени жакшы көрүп калат деп тиленет элем.

11-классымда атамдын машинасын оңдоп бере баштадым. Мен колунан баары келген, бирок өзү эмнени каалаганын билбеген бактысыз бирөө болуп чоңойдум.

«Менин кызым» деп бир айтып койсо эле бактылуу болот элем. Мен уул болуп төрөлбөгөнүм үчүн күнөөлүү элем.

Окуумду жакшы аяктадым. Чет өлкөгө кеттим. Жакшы жумушка кирдим. Ата-энеме үй тургузуп бердим. Ошондо дагы атам «кызым, алыста жүрөт» деп бир чалып койбоду, аэропортко узатканы келбеди. Чарчадым.

Күнөөлүү эмес экенимди түшүнө баштадым. Бүт өмүрүм мени баалабаган атама жагынуу үчүн өткөнүн түшүндүм. Мен чарчадым. Жагынганды токтоттум.

«Сиз жаман көргөн кыз бүгүн алкыш алды. Кызмат ордунан көтөрүлдү. Бирок, сизге бул маанилүү эмес, муну жакшы билем. Ошентсе дагы айтып коеюн дедим. Ата, мен чарчадым. Болду эми сизге жагууга аракет кылбайм. Мен кыз болуп төрөлгөнүм үчүн күнөөлүү эмесмин. Өз баласына мээрим бере албаган сиз күнөөлүсүз. Ата, мен сиз үчүн кылган нерсенин бирин барктаган жоксуз. Жаман кызыңыз, элдин баласынан ашканын байкабадыңыз. Кызык, эмнеге мени жактырбаган атамды дале жакшы көрөм, билбейм. Уулду болсоңуз, эмне өзгөрмөк ата? Эч нерсе.»

Смс жаздым.

Апам айылга кел деди. Атам катуу ооруп жатыптыр. Баягы каттан бери жарым жыл өткөн. Сүйлөшкөн эмеспиз. Баргым келген жок. Мен муздап калган элем. Апам үчүн бардым.

Абалы оор экен. Төшөктө жата берип арыктап кетиптир. Суз учураштым. Шаарга алып баалы деп дарыгерлерге дайындадым. Дагы эле милдетимди аткардым.

Тез жардамга салып жатканбыз. Жаткырып, жуурканын жаап жаткам. «Кызым» деди. Катып калдым. Атам мени «кызым» деди. Көзүмө жалооруй карады. Көзүнөн жаш акты. «Кечир» деп үнүн чыгарып айткан жок. Тек гана көзүн катуу жумуп ыйлап жиберди. Мен баарын түшүндүм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Булак: Аргумент кж