Менин окуям карындашы бар эркектерге сабак болот

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Үч бир туугандын улуусумун, иним менен карындашым бар. 33 жаштын тамагын жеп жатам. Кандай гана болбосун, бир туугандар ар дайым бири-бирин тиреп турушу керек деп ойлойм. Айрыкча, коомубуз мындай болуп жатканда, эже-карындаштарыбыз өзгөчө колдоого муктаж. Карындашым бактылуу жашап жүрөт деп анчейин маани берген эмесмин. Үч баласы бар, күйөөсү иштейт, демек, баары сонун дегем. Колума талма оорусуна чалдыккан карындашым келип түшкөндө жаңылганымды билдим. Карындашым күйөөгө узатып жатканда, сулуу, алты саны аман кыз эле. Алтыным десе, азыр көздөрү муңдуу, коркок, өз оюн айта албаган, тартынчаак бирөөгө айланыптыр. Жок, бул мен билген карындашым эмес. Күйөө баламдын корс, аялын түрдүү сөздөр менен жемелеп кордогонун билерим менен үйүнө барып, карындашымды капа кылбоосун сурандым. «Ооба, ооба»,-деп башын ийкегени менен сөзүнө турбады. Бир күнү карындашым чалды. — Байке, үйүңүзгө барсам болобу? — Албетте, кел. Каалайсыңбы, машинам менен алып кетем. — Ооба. Трубканы коерум менен муштумумду бекем түйдүм. Карындашымдын үнү жүрөгүмдү ыйлатты. Үйүмө уруксат сурап анан келип жатканы ачуумду келтирди. «Сен үчүн эшигим ачык»,-деп бакыргым келди. Аттиң, анте албадым. Машинамды от алдырдым. «Үйүнө кетем деп жатат, кете берсин!» Учурашкандын ордуна күйөө балам ушинтип тосуп алды. Эртең кайра экөө элдешип калса мамилебиз үзүлбөсүн деп сабырымды сактаганга аракет жасадым. Болбосо, дене тарбия академиясын бүтүргөм жана спорттун чеберимин. Көп өтпөй күйөөсүнүн басырлоосунан улам гүлдөй карындашым талма оорусуна чалдыкты. Ошондо, карындашымды үйүмө алып келип, баарына чекит койдум. Өзүмдүн дагы үч балам бар. Бир үйдө 13 адам туруп калдык. Жашырбайм, кыйын болду. Аны байкаган карындашымдын маанайы түшүп, өзү өскөн үйдүн төрүндө эмес бурчунда отурду. Ошондо аны кучактап мындай дедим: «Мен сенин бир тууганыңмын. Менден эч нерсе жашырба. Бул үй сенин дагы үйүң.» Бир канча жыл бир бөлмөлүү батир алгам. Пландарым боюнча, иним үйлөнсө ошол жакка көчмөкмүн. Үйдөгүлөр менен кеңешип, ошону карындашыма белекке бердим. Балдары менен эч тартынбай кенен жашасын дедим. Жумуш таап берип, ден соолугана кам көрө баштадым. Балдарына ата катары тарбия берип, жакшы мектепке киргиздим. Көп өтпөй карындашым ачыла баштады. Билесиңерби, көп аялзаты эмне үчүн күйөөсүнүн кордугуна чыдап жүрө берет. Алар, кайда барарын билишпейт, өздөрү чоңойгон үйлөрүнө батпайбыз деп ойлошот. Аргасыз кызыл камчынын изине чыдаганга мажбур болушат. Эгер агалары, инилери, ата-энелери колдоо көрсөтсө бир күн ал тозокто турбайт болчу. Кантип өз бир тууганыңарды коргобойсуңар! Бүгүнкү күндө карындашыма колуман келгенче жардам берем. Кыйын күндөрдө жалгыз эмес экенин сездирем. Анткени ал менин карындашым! Баса, баягы батиримди карындашыма бергенден кийин акчам көбөйүп, өзүмө чоң үй сатып алдым. Алдына карындашыма жакшы 2 же 3 бөлмөлүү батир алып берүүнү пландап жатам. Байкең сени жакшы көрөт, карындашым! http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg