Коом

Менин ойношум бар чыдасаң жаша дейт күйөөм

Он беш жыл чогуу өмүр сүрүп, турмуштун ачуу таттусун бирге тартып эми турмуш нугубуз бир нукка бурулду деп отуруп калганда күйөөмдун жүрум-туруму өзгөрдү. Кээде түну үйгө келбейт, дайыма кеч келет. Унаасынан болсо аялдарга таандык оокаттар табылат. Чыдамым кеткенде «бирөөну таап алдың беле унаанын ичиндеги оокаттар кайдан түшүп жатат»-десем, каамалабай туруп: «Ооба, менин ойношум бар. ал сенден жаш, сулуу, сымбаттуу. Чыдасан жаша чыдабасан кете бер балдарын менен төркүнүнө канча кун батасын»-деп койду. Экөөбүз аябай уруштук. Бир жумадан ашуун үйгө келбей койду. Атам, апам өтуп кетишкен, чынында эле төрт бала менен кимдин үйунө корголойм. Ызамды ичиме катып, оозумду басып унчукпай отурам. Эмне кыларымды да билбей калдым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *