Мени тааныбаган эле бирөөгө кудалап коюшту. Кантип жашайм?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы меникин да чыгарып бересизби сураныч,кенеш керек болуп жатат. Мен 20дамын турмушка чыга элекмин, окууймун 3-курс. Аябай башым катып олтурам, бирөөгө кудалашты мени алар тап такыр эле жабышып болбой коюшту бергиле деп, беребиз деп атам апам күчүндө турат. Той белгиленди калың алынды, ал бала менен сүйлөшпөйм түрүн көрсөм эле жиним келет, башкача бир тап такыр эле баштары айланып калгандай ошентип эле турат. Жашоом кандай болот билбейм, ал баланы жакшы тааныбаймын эмне кылууну билбей турам!?? Өмүрү тааныбаган үй — бүлөөгө кантип барам, же баланы дагы тааныбайм кече ватсаптан кандайсың даярдык кандай деп жазыптыр  аллергияны карматып. Кенеш суудай керек болуп турат.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg