Коом

“Мени менен жатсаң көп акча берем”-деп кошунасынын кызына сексуалдык ыдык көрсөткөн

Колуң менен кылганды мойнун менен тартасын дегендей акыры кылган иши билинип уятынабы же кандайдыр бир себептер болгонбу  кошунанын жашы жете элек кызын кармалап”мени менен жатсан көп акча берем”-деген маркумдун кылыгынан улам эки кошуна соттошууга чейин барды. Бул тууралуу Турмуш.кж сайты соттук шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматта, сексуалдык ыдыкка кабылган кыздын энеси  кызына тийишкен кошунасын көргөн. Андан кийин унааны башкарып бара жаткан айдоочуга унааны токтотуп коюшун айткан. Айыпталуучу Чынарбекке «унаага отурчу, үйдөн кызым менен беттештирем» деп орой мамиле жасап, аны унаага отургузган. Үйүнүн алдына алып келгенден кийин Айнагүл ага «эмне үчүн мас абалыңда менин кызыма тийишесиң?» деп жанында турган кайын энесинин таягын алып, аны менен Чынарбекти денесинин ар кайсы жерлерине ургулап, ден соолугуна жаракат келтирген.

Натыйжада соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Чынарбектин саламаттыгына жеңил жаракат келтирген. Ошондой эле, анын намысына тийген жаман сөздөрдү айтып, кадыр-баркына шек келтирип, «укук коргоо органдарына арызданып, каматып салам» деп коркуткан.

Айнагүл Чынарбектин көзүнчө анын келинчеги менен телефон аркылуу бир нече жолу байланышып, «тез арада менин үйүмө кел» деп чакырып баштаган. Чынарбек намыстанып, ал жерден кетип калган. Андан кийин ээн калган үйдүн короосунда асынып каза болгон.

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун 2021-жылдын 12-январындагы өкүмү менен Айнагүл Кылмыш-жаза кодексинин (мыйзамдын 1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы боюнча) 102-беренесинин 1-бөлүмүндө (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) каралган кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Жоруктар жөнүндө кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмү (Ден соолукка жеңил зыян келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, ал боюнча эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотулган.

Нарын облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 22-апрелиндеги өкүмү менен Ак-Талаа райондук сотунун 2021-жылдын 12-январындагы Айнагүл жөнүндөгү өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Жабырлануучунун жактоочу кассациялык даттануусунда биринчи жана апелляциялык инстанция сотторунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, Айнагүлдүн жазык ишин биринчи инстанция сотуна кайра кароого жиберүүнү сураган. Себеби, биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттор эксперттердин соттук отурумда берген көрсөтмөлөрүнө, соттук-медициналык экспертизалардын корутундуларына укуктук баа бербестен, Айнагүлдү негизсиз жана мыйзамсыз акташкан деп көрсөткөн.

Айыпталуучу Айнагүл менен жактоочусу биринчи жана апелляциялык инстанция сотторунун өкүмдөрүн күчүндө калтырып, жабырлануучунун жактоочусунун кассациялык даттануусун канааттандыруусуз калтырууну сураган.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү биринчи инстанциядагы сот отурумда берген көрсөтмөсүндө агасынын өз өмүрүнө кол салышына ишенбей, эксгумацияга берип, кайра текшертишкенин, дагы деле агасынын өз өмүрүнө кол салышына ишенберин, киши колдуу болушу мүмкүн экенин билдирген.

Биринчи инстанциядагы сот отурумда күбө буларды көрсөткөн: Өзү маркум Чынарбектин аялы болот. Ага айылда почточу болуп иштеген Айнагүл телефон чалып, «үйгө кел» деп айткан. 10 мүнөттүн ичинде барса, Айнагүл калчылдап, жаман абалда турган. Анын жанында кошунасы жана Айнагүлдүн кызы болгон. Айыпталуучу ага «сени күйөөң менин кызыма тийишиптир. Бар эми күйөөңдү таап ал, муунуп өлүп калбасын. Таяк сынгыча сабап койдум» деп окуяны айтып берген. Маркумдун аялы Чынарбекти издеп, ээн үйдүн короосунан күйөөсүн асылып турган абалда тапкан. Ошондо күбө коркуп кетип, күйөөсүн кучактап тарткан. Күйөөсүнүн мойнундагы илинип турган жип темирден чыгып, денеси жерге кулап түшкөн. Бетинин сол тарабында сызык түрүндө чийилген так болгон. Ал эми кийип жүргөн баш кийими, кара түстөгү свитери, бут кийими асынган жерден алыс жаткан.

Күйөөсүн Баетов айылындагы ооруканага алып барып, кийин үйүнөн анын каза болуп калганын уккан.

Күбө, айыпталуучунун кызынын биринчи инстанциядагы сот отурумда буларды көрсөткөн: Окуя катталган убакта 6-класста окуп, 13 жашта болгон. 2015-жылдын 12-августунда болжол менен саат 14:30 чамасында Чынарбектин үйүнө жалпак тиштүү кычкач жеткирип барса, короодо ал аялы менен отурган. Кычкачты берип, короодон чыгып, жолдон өтүп бара жатканда Чынарбек аркасынан келген. Ал айыпталуучунун кызын токтотуп, «Атаң менен апаң каякта?» деп сураган. Күбө: «Атам жок, апам жумушта» деп жооп берген. Ошол маалда Чынарбек мас абалында болгон. Кыздын колунан тартып кучактаган. Андан кийин бетинен өөп, төшүн кармап, «үйүмдү сатып, сага көп акча берем, мени менен жатчы» деп айтып, чөп жакка сүйрөгөн. Кыз коркуп кетип, анын колунан суурулуп чыгып, үйдү көздөй чуркап, короосундагы боз үйгө кире качкан. Чынарбек артынан келип, боз үйдүн үстүңкү үзүгүн ачып, «эшикке чык, бери кел» деген. Ошол маалда чоң апасы чыгып, «кет» деп кыйкырган. Бирок Чынарбек болбой туруп алган. Кыз кошунасынан жардам сураганы барып, аны менен чогуу кайра үйгө келген. Аны Чынарбек кайра көрүп калып, «бир өөп алайынчы» дегенде, кошунасы «кет» деп урушкан. Андан кийин апасы Айнагүлгө телефон чалып, болгон окуяны айтып берген. Кыз кошунасы менен чоң апасы короодо сүйлөшүп турганда, үйүнө кирип кеткен. Кийин апасы менен Чынарбек келгенин угуп сыртка чыккан. Апасы «сага тийдиби?» деп сураган. Ал апасына Чынарбек аны кучактап өпкөнүн, эмчегин кармалап, «мени менен жат. Мен сага үйүмдү сатып көп акча берем» дегенин айтып берген. Ошондо Айнагүл: «Сен эмне үчүн менин кызыма тийишесиң. Бул кичинекей да, сенин деле ушундай кыздарың бар го» деп айткан. Чынарбек болсо апасын жаман сөздөр менен сөккөн. Апасы: «Азыр мен милиция кызматкерлерин чакырттым. Сени алып кетет» дегенде, Чынарбек «колунан келгенди кылып ал» деп айткан. Апасы жини келип чоң апасынын таянып жүргөн таягы менен Чынарбекти тизе тушка эки жолу чаап жиберип, анын аялына телефон чалып, «туруп тур, азыр аялың келсин» деген. Бирок Чынарбек апасынын колунан суурулуп чыгып, короодон чыгып кеткен.

Жыйынтыгында Айнагүл жөнүндөгү Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун 2021-жылдын 12-январындагы жана Нарын облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 22-апрелиндеги өкүмдөрү күчүндө калтырылды.

Жабырлануучунун жактоочусунун кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *