Мени коркутуп берген алтындарын тартып алган күйөөмө жазган катым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Байкасам, ажырашуу ар кимге ар кандай таасир берет экен. Жакшылар жаман, боорукерлер таш боор, жооштор ажаан болуп калат дегендей. Эмнеси болсо да, баары өзүбүздөн көз каранды! Мен ажырашкандан кийин өткөндү келечекке сүйрөбөш керек экенин түшүндүм. Бул катты өмүр бою бирге болом деген ниет менен баш кошкон күйөөмө жаздым. Кааласаңар окугула, болбосо жок, эч кимди мажбурлабайм. «Кымбаттуум, сен мага жакшы сабак бердиң. Алгач мага кыйкырып сүйлөчү болдуң, кечирим суроо тууралуу ойлогон да жоксуң. Унчукпадым. «Баш ийди, демек, меники туура» деп ойлодуң. А бул жөн гана коркуу сезими эле. Таарынттың. Жаман сөздөрдү айттың. Бирок, ал сөздөр мен эмес, өзүң жөнүндө болчу. Өмүрү мага кол көтөрбөгөнүңдү эстеттиң. Бирок сен мени сабагансың. «Качан?» деп таң калып жатасыңбы? Анда угуп тур! Аткарылбаган убадаларың, басынткан сөздөрүң, сүйлөп жатсам мени эмес, телефонду карап отурганың, өтүнүчтөрүмдү жоопсуз калтырганың, түнү менен күттүргөнүң, сага болгон көз карандылыгымдан пайдаланып манипуляция кылганың, көйгөйлөрүмдү айтсам укпаганың, туугандарыма, курбуларыма жибербегениң, туулган күнүмдү унутканың — булардын баары зордук-зомбулук болуп эсептелет!Мен үчүн эмнелерди жасаганыңды көрсөткүң келди. Бергендериңдин баарын тартып алдың.
Коркуп, сенсиз эч ким экенимди түшүнүшүмдү кааладың. А мен түшүнгөн жокмун.
Эсептешүүнүн эмне кереги бар?
Алып бер деп суранган эмесмин, өзүң белек бергенди жактыраар элең. Тартуулаган алтындарыңа кошуп, сага болгон сый-урматымды кайтарып алдың. Болгону сен мени ушинтип жазалайм деп жаңылыштың.
Кимди жоготконун түшүнсүн деп кетип калдың. Сенсиз жашоого аракет кылып көрдүм, мага абдан жакты. Мен эми таштанды чакаң эмесмин.
Ушул убакка чейин жактоочуң болуп келдим. Балдардын алдында баркың түшпөсүн деп, жумуштан келип алып бизге кыйкырсаң «атаңардын бүгүн көңүлү жок» деп байкуштарды алдадым. Бүттү. Бул кызматта иштегим келбейт.
«Менден башка эч кимге керегиң жок» деген сөздөрүңө ишенчүмүн. Көрсө, мен өзүмө керек экенмин. Көзүм ачылды. Сенсиз жашоо сонун экен! Эч кимге өзүмдү басынтууга жол бербейм! http://bilesinbi.kg

Аргумент.kg