Мени картага уттуруп ийген атам кайнатам болуп чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен кичине кезимде атам менен апам эки башка жолго түшүп, мени таекем багып алган. Тайкем менен таажеңемди ата апа деп чоңойдум. Мен өзүмдү алардын жалгыз кызы катары эсептеп чоңойдум. Беш агам мени бир жолу башкасын деп айткан эмес. Кийин турмушка чыгарда болочок күйөөмдүн атасы жок экенин, өгөй ата менен жашай турганын билгенде баш тартып койгом. Кийин мени алакачып алды. Отурбай чыр салып, аларды сотко бере турган болгонумда апам келип, чындыкты айтты. Көрсө мен апа деген адам таажеңе экен. Апам менен атам ортолоруна кара мышык аралап, ажырашып мени таштап апамдын ьашка өлкөгө окуйм деп кетип башка улутка турмушка чыгып жашап калыптыр. Атам болсо бир да жолу басып келген эмес экен. Жан дүйнөм чындыкты кабыл ала албай кыйналдым. Жашоомдогу жакшы сүртүмдөр бүтүп калгансып, мени таштай качкан атам менен апамды жек көрүп турдум. Ошентип үй-бүлөлүк жашоом улана берди. Кайнене менен кайната бизди тез эле бөлүп ийишти. Эки балалуу болуп калганымда өз апам Кыргызстанга келди. Апамдын көзүн тике карап кантип таштадын деп айтуу үчун жолугушууга бардым. Бирок анын жүрөк оорусун угуп көп нерсени ичиме катып айта алган жокмун. Акыры атамды сурадым. Ал мага анын аты жөнүн дарегин берди. Мага чинде катып келген сырды ачты. Көрсө атам апам экөөбүздү картага уттуруп ийип, өзү досунун аялынын үстүнө кирип алыптыр. Картага утулган апамды тайкем акыркы малып сатып картакечтердин колунан чыгарып алган экен. Баягы апам жазып берген адамдын дарегин милиция болуп иштеген күйөөмө бердим. Ал кагазды караган бойдон мага бир да сөз айтпастан чыгып кетти. Ал түну күйөөм биринчи жолу үйгө түнөгөн жок. Кийинки күнү мен издеген адам өгөй кайнатам болуп чыкты. Эми көргөн сайын бир жарым жашар кызын аялына кошуп картага уттуруп ийип, аман соосун сурабай басып кеткен адамга чайын берип киймин жууп жүруптүрмүн да. Башкасын кечирсем да ушул нерсени кечире албай келем.

Аргумент.kg