Коом

Мени кара жолтой келин деп жектеп жатат

Турмушка чыкканыма алты ай болду.  Кайын журт менен турам. Мен келгенден бир жума өтпөй аш үй күйүп кетти. Бир айдан кийин уй бедеге жарылып калды. Уйдан кийин кайненем “келинибиз кара жолтой экен, келгени башыыздан кырсык кетпеди”-деп кошуналарга сүйлөнөт. Бул сөздү короодо мал жайлап жүруп эки жолу уктум. Аш үйду болсо улуу жезде мас болуп эт бышырып жатыне чокту полго түшүруп ийип күйүп кеткен. Аны ал мойнуна алды. Эми менин тиешем жок нерсеге да мен күнөөлу боломбу? Же чын эле кара жолтоймунбу? Айтор аыркы кундөрү ичкеним ирим болуп үйдөн эртерээк кетким келип баштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *