Коом

Менден 22 жаш улуу байке 2 аял кылып алам дейт. Эмне кылсам?

Мен ичимдеги нерсени ушул  сайтка жазгым келди. Мындан 3ай алдын апам катуу ооруп калып акча аябагандай керек болуп жатты дарылары жалаң кымбат болуп. Апам жана атам бир адамдын колунда жумушчу болуп иштеп жүрүшкөн. Ал жердин шефи жакшы адам эле. Акча керек болгогунан мен апам үчүн бардык нерсеге даяр элем. Оюм мен эмне болсомда апам жакшы болушун Кудайдан тилендим. Ошентип ал байке апамды күчтүү врачтарга каратып дарыларын өзү көтөрүп жакшы болуп Кудайга шүгүр азыр жакшы. Өзүм 23 жаштамын. Ал байке менден бир топ улуу бирок ал мени жакшы көрөөрүн дайыма айтып көзүмдү карайт. Апамдар менен да мамилеси абдан жакшы. Анын да аялы жакында женскийден ооруп жатканга мүмкүн эмес болуп калыптыр. Эми мага сени экинчи аял кылып алам деп жатат. Мага такыр тийишпейт, квартира кийим кечектериме жардам берип баштады. Өзүм кызмын, жигит менен да сүйлөшкөн эмесмин. Вирус болуп ооруп пневмония болуп калдым анда да өзү каржылап карады. Нике кыйдыралы деп жатат. Апамда мени жакшы көрүп калганын сезип калган. Биринчи аялым менен да тааныштырам, экөөндү тегиз карайм деп чындыгында менден 22 жаш улуу менда ошол адамга акыркы күндөрү көнүп бараткандаймын, кенешиниздер керек? Жакында квартира сатып алып өзүнчө чаккан бизнес ачып берем бирок зордобойм чечим сеники дейт…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *