Мен жокто аялым башка менен жашап алыптыр

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы сураныч менин катымды чыгарып бериңизчи.Мага аябай кеңешиңиздер керек болуп жатат. Мен Орусияда иштеп, акча таап жүрөм. Аялым 2 балам менен Бишкекте турат. Досторумдун айтымында, аялым башка бирөөнү киргизип алып жашап жатыптыр. Аялыма телефон чалып сурасам, “карандай калп” деп актанып койду. Ошондон тарта ичим муздап, телефон чалбай койдум. Жакында Бишкекке келем. Аялым менен мындан ары чогуу жашаарымды элестете албайм. Бирок эки баламды кыя албайм. Эмне кылсам болот

Аргумент.kg