Коом

Мен жакшы ата, күйөө боло албаганыма өкүнөм

Мындан он беш жыл мурун бакытымды колуман учурдум. Баарын өз колум менен жасадым. Мен сүйлөшуп жургөн кызды бир куну башка айылга алакачып кетти. Буга ызаландым, балдардын арасында намыстандым. Ага өчөшүн мен да көзүмө урунган кызды алакачып алдым. Ал жакшы жар, жакшы келин болду. Бирок менин жүрөгүмөн жылуулук тапкан жок. Эки кыздуу бодум. Он жыл аралыгында мен үй-бүлөмду карабадым. Жөн гана жатып ичер болуп, тапканымды талаага жумшап жашадым. Аялым баарын көтөрдү. Баарына көз жуумп чыдады. Ошондой күндөрдүн биринде баягы мен сүйуп башкага алдырып ийген сүйуктүүм күйөөсү менен ажышарып шаарга келе бериптир. Аны менен жолугушкандан тартып аялым жада калса алдыман тосуп чыккан кыздарым да көзщүмө суук көрүнө баштады. Баягы сүйүктүүм беш баланын энеси болуп туурасы чыгып, баягы сулуу кебетеси кетсе да ал көзүмө сулуу көрүндү. Ошентип жыл айланбай аялыфмды кыздарым менен томсортуп таштап чыгып кеттим. Жашоом чыныгы бакытты кучактап жүргөндөй болду. Көрсө мунун баары жалган экен менин тапканымды баарын балдарына жумшап,  акыры мен ооруп калганда басып алып кете берди. Анын «Мен оорулу күөө багып тажагам, экинчи жолу бага бербейм»-деп батирге жалгыз таштап эки сумканы ийнине арта салып чыгып кетти. Бул убакта беш жыл арадан өтуп кеткен эле. Ошентип кошунанын жардамы менен тез жардам чакырып ооруканага жатып чыктым. Кайрылып үйгө бара алган жокмун. анткени мен алардын жашоосунда жашаганы бир да жакшы сөз айтпаптырмын. Кыздарымды мандайым жарыла сүйүнүү менен кучагыма бекем кыспаптырмын. Мага берген бакытты тээп, кайдагы эски сүйүү деп талаада калганымды кеч түшүндүм. Аялымдын кыздарымдын бактылуу болуусун каалайм.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *