«Мен тирүү арбакмын». Тирүү адамды өлдү деген билдирүү менен тагдырын талкалашкан

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Мен тирүү арбакмын”-дейт 63 жаштагы румыниялык ашпозчу Константин Релиу. Анын айтымында ал докумен бюоюнча эчак каза болгон, сотто да анын жүйөлөрүн четке кагып тирүүлөй өлүк катары кабылдашкан. Бул тууралуу Лента-ру агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта, Релиу өзүнүн  каза болгонун январь айында Түркиядан Бухарестке учуп келгенде билген. Көйгөйлөр учактан түшөрү менен эле башталган. Аны аэропорттун чек ара милициясынын башчысынын иш бөлмөсүнө алып кетишкен. Офицер компьютерди күйгүзүп, экранды көрсөтүп: «Мына Константин Релиу аялынын талабы боюнча өлдү деп жарыяланды», – деп билдиришип, анын тирүу экенин бир топко ишенишпей койгон. Базща боюнча ал он беш жыл мурун каза болгон. Чек арачыларда Константин башка бирөөнүн документтери менен өлкөгө кирүүгө аракет кылган деп шектенүүгө толук негиз бар болчу. Алар аны алты сааттан ашык суракка алып, анын бир сөзүнө да ишенишкен жок. Аларды сандар гана ынандырды: анын көзүнүн ортосундагы аралык эски паспорттогу сүрөттөгүдөй эле. Ошондон кийин гана аны коё берүүгө макул болушкан.

Константин карыган апасы менен Бырладдын жанындагы айылга отурукташкан. Ошондой эле ал документин кайрадан жаңылоодо бир топ ыйынчылыктар болуп, кайра тирилүү ага буюрган эмес.   «Расмий түрдө мен тирүү болсом да кагаз жүзүндө өлүкмүн. Маянам жок жана мен эч нерсе кыла албайм, анткени мени өлдү деп эсептешет «, — деп нааразы. Буга чейин ал киши  Түркияда ашпозчу болуп иштеген. Кийин документинин мөөнөтү бүткөндө документтерин жаңылап алуу максатында мекенине кайтып келген. Константин Румыниядан жаңы паспорт алып, дароо артка кетем деп үмүт кылган. Бирок мекенине келип өзүнүн эчак тиги дүйнөгө узаганын билген. Аны өлумгө буйруган  аялы менен 1999-жылы аялынын ойноштук кылганы үчүн уруша кетип, ал Түркияга кетип калган. Андан кийин аялы менен бир да жолу байланышка чыккан эмес. Кийин аялы 2013-жылы аны өлдү деген билдирүү берип тирүүлөйм көөмп койгон.

Румыниянын мыйзамдары эгер жубайы үй-бүлөнү таштап кетсе, өз ара макулдугусуз ажырашууга жол берет, бирок Релиунун аялы башка жолду тандаган. 2013-жылы ал күйөөсүн өлдү деп жарыялоону талап кылган. Ал Түркиядагы катуу жер титирөөдөн кийин дайынсыз жоголду, дейт ал. Көп өтпөй сот да белгисиз болуп жаткан жарандын дайыны чыкпагандыктан улам аны өлдү деген чечим чыгарышкан.

Эки жылдан кийин Константин Релиу соттун чечимин талашууга аракет кылып, бирок соттон утулуп калган. Сот анын өлүмү тууралуу күбөлүктү жокко чыгаруудан баш тартты, анткени арыз өтө кеч берилген. Чечимге даттанууга болбойт турганын билдиришкен.

Аргумент.kg