Мен таарындым, тагдырыма эмес, өзүмө…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жумуштан шашпай чыктым, мен үчүн убакытты өткөрүү керек эле. Анткени бара турган үйүм жок, бир сом акчам жок. Оор үшкүрүп, чемоданымды сүйрөп метронун ичинде отурдум.

Саат бирде метро жабылат, кайда барам? Көзүмдү жумуп, сиңдимдин эртең мененки кылыгын эстедим. Бир тууган сиңдим көптөн бери айта албайт, бирок кодулап батырбай келет. «Душка ким тушту эле?» деп баштады. Жаш баладай «Мен» дедим. «Жууп койбойсунбу!» деп сүйлөнүп кирди. Мен элүүдөгү аялмын, кантип жуубай коёюн.

Бир чыны чайды эптеп жуттум да, кийимимди алып чыгып кеттим. Сыртка чыгып, кыйкырып ыйлагым келди, бирок кимге? Жааган кар сооротконсуп, бетимен «өөп», жерге түшүп жатты.

Кичинебизде адырды аралап чуркап ойногон, нанга каймак сүйкөп баштыкка салып алып бөлүшүп жеген, жыгылып алып тизеси айрылып ыйласа жалбыракты шилекейлеп жабыштырып сооротуп, мен жакшы көргөн сиңдим ушунча өзгөргөнүнө таң калдым. Чөнтөгүндө бир сому жок, барар үйү жок бир тууганын бир сурап койбоду. Бул жакка мени да карыз, кредит алып келди.

Айлам кетип, сиңдим жумушка киргизип койсо иштеп кетермин» деп келгем. Иштедим, бирок акчам тийбейт, алалбай ушундай кыйналдым. Бир нан көтөрүп келбесең тамак да өтпөйт экен, келип эле жатып калам. Жумушта баары тамак ичкенден кийин барабыз, анткени калган нандарды, тамактарды жейбиз.

Көзүмдү жумуп, «мен эмне жамандык кылдым?» деп артка тегеретип карадым. Жардамым болбосо да, жамандыгым болбоптур го, жаным. Биринчи курста ала качып кетти, күйөөм кызыл камчы, кызганчаак болду.

Иштеген жерге келип алып чуу чыгарган, балдарымды алып качып жүрүп убакыттын өткөнүн да билбептирмин. Кыздарым күйөөгө чыгып кетишти, балам бойго жетип, өзү менен өзү…

Метродо үч саат отуруп, андан ары вокзалга бардым, ал жерде таң атырып алып, жумуш издедим. Сураштырып отуруп бир жумуш таптым, бирок «эртең» дейт. Эмне кылам? Бүгүн да бир жерге баш калкалаш керек. «Вокзалга күндө бара берсем кармап кетпесин» деп, бүгүн аэропортко бардым.

Ачка болсом да жылуу болгонго уктап калыптырмын. Эртең менен жумушка бардым, жатар жерим жок экенин чемоданымдан билди окшойт, «жертөлөгө жата бер» деди. Жумуш кеч бүттү, аябай чарчадым. Ящиктерди коюп жаттым.

«Сиңдим чалдыбы же жазды бекен?» деп телефонумду карадым, кабар жок. Менден кутулганына сүйүнгөндөй. Ошентип күн өтүп жатты. Ашпозчуларга жардам берип жүрүп, үйрөнүп алдым да, кухняга өтүп кеттим. Карызымдан буюрса кутулдум. Ой басат. «Кайда барам? Мен кимге керекмин?» деген суроо туулду. Башына иш түшкөндө кимдин ким экени билинет тура.

Карызымды төлөйм деп жүрүп, неберелеримди да көрө албаптырмын. Кыздарымда алыстагандай, күйөөмө баарыбир, сыз жерге жатып, ачка болуп жүрүп иштегенимди билген да жок. «Бирөөнү таап алдыңда» деп күйдүрөт. Бир гана апаң сени чанып кетпейт экен, сурап турат.

Сиңдим болсо апама «жакшылыкты билбейт кызың, бекер үй, бекер тамак ичип отура бербейби» деп апама жамандаптыр. Апама экөөбүз тең баласыбыз, эч кимибизге тарта албай, элдештире албай жүрөт. Муну менен мен эмне айткым келди?

Мен таарындым, тагдырыма эмес, өзүмө. Турмушум ушундай тайгалак, колумда жок, апама ойдогусун алып бере албаганыма, өзүмө, сиңдиме оорчулук келтиргениме таарындым.

Ушу өткөн ар бир күнү Алланын атын атап, жардам сурадым. Кудайыма миң мертебе шүгүр кылам. Мен бир тууганымды кечиргем, анткени ал менин сиңдим, кайда болсо аман болсун. Кичинебизде кашыкка кантты эритип, момпосуй жасап, апаман таяк жеген күндү эстеп, күлүп отургум келет, бирок телефонго сенден конгуроо келбейт. Бирок күтөм, сени сагынам, сиңдим. Кокус көзүм өтүп кетсе, келип ыйласаң да мен билбейм. Мен алыс жакта болом…

Муну окуп жаткан болсоңуз, бир туугандардан кабар алыңыз, кеч болуп калбасын. Бар байлыгым бир тууганым!

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg