«Мен бул аял эмес, депутатмын». Камила Талиева менен Султанбай Айжигитов кайым айтышты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эки депутат кайым айтышты.

27-июнда депутаттар “Улуттук банк жөнүндө” жана “Банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзам долбоорлорун экинчи окууда карашты. Депутат Султанбай Айжигитов Улуттук банктын жетекчисине Кытайдагы акча массасы боюнча сурап кайрылды. Ошол маалда депутат Камила Талиева анын өтө көпкө сүйлөп жатканына нааразы болду.

«Бул өтө маанилүү. Эгер биз сүйлөп жаткан нерсени сиз түшүнбөй жаткан болсоңуз, унчукпай отуруңуз», — деди Айжигитов.

«Мен түшүнбөй жатам деген жерим жок. Башка маселе да бар. Убакыт алып жатасыз. Карабайсыңарбы?!» — деди Талиева.

«Мен ушул аялга теңелбей эле коёюнчу», — деди Айжигитов.

«Бул эмне дегени бул аялга деп, мен бул аял эмесмин, мен депутатмын. Мөөнөт менен сүйлөйлү. Бул аял деп… Бул эркек деген жокмун го», — деп кыйкырды Талиева. 

Аргумент.kg