Мен баламды бир буту көрдө турган кызга үйлөндүрбөйм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Максат күтүүсүздөн Гүлайдын колун сурады. Апакай назик колдоруна салган шакеги да чапчак келди. Гүлай ыйлап жатты… Бул кубанычтын дагы, кайгынын дагы ыйы эле. Бактылуу бул ирмемдер узакка созулса кана? Максаттын адамдык, жигиттик сапатына, ушундай чыныгы жигит колун сурап турганына жетине албай ыйлап жатты. Экөө баш кошо турган күндү белгилешти. Гүлайдын жүрөгү катуу согуп, жанын коёрго жер таппай кайсалактайт. Үйлөнүү тойго саналуу күндөр калган сайын алып учат. Тээ тереңде бир нерсе болуп кетчүдөй жүрөгү болкулдайт. Үйлөнүү тойго эки гана күн калды… Эшик такылдаганынан “Максат го” деп Гүлай ашыгып эшикти ачты. Босогодо элүү жаштан өтүп калган, өңү кубарган аял туруптур.

— Келиңиз, кириңиз эже.

— Мисирейген аял Гүлайдын башынан аягына чейин тигилди. Экөө ашканага башбагышты. Гүлай чай даярдоого ашыкты.

— Чайыңды жөн эле кой. Мен сенин чайыңды ичкени келген жокмун. Таанып тургандырсың Максаттын энеси экенимди.

— Отуруңуз эже.

— Максат “үйлөнөм” деп далбалактап калганынан “бир периште экен” десе жөнөкөй эле айылдык кыз экенсиң го. Айылдык болсоң да мейли. Балам жактырса “мейли” дейт элек. Сени бир жумадан бери сураштырып, териштирип бүттүк. Оорулуу турбайсыңбы?..

— Ооба эже, Максатка баарын түшүндүргөм…

— Менин балам ушунча келесообу?! Башын айлантып алгансың го?

— Жо-ок эже, мен каршы болгом.

— Ооруңдун ушунча оор экенин билип туруп, мен сени босогомдон кантип аттатам? Менин келесоо балама далбактатпай жакшылап түшүндүрбөйт белең?! Мен эмне, “баламды бир буту көрдө турган кызга үйлөнсүн” деп багып чоңойттумбу? Эч качан үйлөнүү тоюңар болбойт! Мен тирүү турганда келин кылып сени босогомдон аттатпайм! Андан көрө Максатты жакшы көрсөң, “менин башка жактырган адамым бар, издебе” деп кат жазгын да, карааныңды көрсөтпөй алыска кет! Мына акча десең көп акча берем. Аял сумкасынан тутамдап акча алып чыкты. Аңгыча дагы эшик тыкылдады. Максат экен. Күйүгүп үйгө кирип келди.

— Апа, апа бул эмне кылганыңыз? Мен “Гүлайга үйлөнөм” дедимби, үйлөнөм! Мага кийлигишпегиле дедим эле го? Эне-бала кыйкырышып, урушуп жатышты…

Гүлай түндө түшүндө бороон-чапкын шамалда калыптыр. Үлбүрөгөн ак көйнөгү менен дирилдеп калчылдап, кайда барарын билбей, жол таппай ары чуркайт, бери чуркайт. Ошол кезде чоң апасы пайда болду. Дирилдеген кызды жүн жоолугуна ороп, баягы бактылуу бала кезиндегидей жылуу жоолукка ороп жетелеп баратты. Азыр дагы элес-булас ошол түшүндө жүргөнсүп, көзү караңгылап баратты…

“Тарс” эткен үндөн чочуп, эне-бала жыгылып түшкөн Гүлайды көздөй чуркашты. Кан-сөлү жок байкуш кыз жансыз жатты…

— Гүлай, Гүлай! – Максат аны көтөрүп алып, жардам көрсөтүүгө жандалбастап жатты. Бирок баары кеч болуп калган… Максат эки күндөн кийин тоюнда эмес, Гүлайды акыркы сапарга узатууга барды…

 

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg