Мен аялыма кандай мамиле кылсам, күйөө балам карындашыма кудум ошентчи экен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сыртта кар жаап жатат. Кар терезеге тийип ээрип суу болуп кайра жерге агып жатат. Ал карга кошулуп көзүмдөн жаш агып жатат. Аттиң, каталарыбызды кеч түшүнөбүз. Карындашым чалды. «Баары бүттү байке» деди. Телефонумдун жарыгы өчө элек. Карындашымдын ыйы дагы эле угулуп жатат. Кулагымды катуу жаптым. Ал үндөр сыртан угулбаса дагы, ичимден угулуп жатат. Досторум менен бир айдан бери жолуга элекмин. Башында чалып кабатыр болуп жатышкан. Кийин өздөрү эле жок болуп кетти. Жумуштан дагы чыгып алдым. Диван байкуш жалпайып бүтмөй болду. Туалетке барам, кайра келип жатам. Жөн эле жатам. Уулумду сагындым. Аялымды сагындым. Бүгүн конокко карындашым келди. Анын эки баласы мененайнап бир аз алаксыдым. эки баласы менен ойноп бир аз алаксыдым. Апам кабатыр болуп жатканын айтыптыр. Чынында үйгө баргым келбей эле, азырынча. Карындашым мага тамак жасап берди. Көптөн бери ысык тамак жей элек элем. Өтө арыктап кеткенимди айтты. Мага боору ооруп ыйлады. Чай сунуп жатканда колундагы көгаласын көрүп калдым. Ага чындыкты айтууну чечтим. «Сен менин айымдан ажыраштың. Менин жамандыгымдын кесепети сага тийди» деп ыйлап жибердим. Жээндерим коркуп кетти. Апасы аларды залга алып кирип, мультфильмин коюп берип кайра мага келди. Көздөрү суроолуу. «Менин жеңе кылган туура эмес мамилемдин кесепети сага тийди. Жеңеңдин көңүлүн көп ооруттум. Жашырганда эмне, өзүмдү кармай албай аны катуу түртүп же силкип жиберген күндөр болду. Басмырлагандарымчы. Колуңдагы көк. Мен дагы анын колун катуу кармап жиберет элем. Эртеси кудум сеникиндей көгала болуп калчы. Азыр колуңдү көрүп алып жүрөгүм канап жатат. Үйгө кеч келгендерим. Бир жылуу сөз айтпаганым. Сен тиги күйөөңдүн кылыктарын айтып берсең, ал жырткычтан өзүмдү көрдүм. Мен андай болгум келбейт. Мен андай болгум келбейт.» Акыркы сөзүмдү кайталап ыйлай бердим. Карындашым көпкө карап отурду. Анан жаныма келди. Мени катуу кучактады. «Мен ал жырткычтан качып кутулдум. Экинчи ал жакка басып да барбайм. Ал өз жазасын алды. Сиз дагы ичиңиздеги жырткычтан качып кутулуңуз. Мен сизге ишенем, колуңуздан келет.» Мен ыйлай бердим. Эртең менен туруп терезеге бардым. Көптөн бери парданы ача элек болчум, чоң кылып шарт ачтым. Күндүн нуру көзүмө сайылды. Көзүмдү катуу жумдум. Ошол маалда жылмайып жатканымды билдим. Мен көптөн бери күлө элек болчум. Мен өзгөрдүм. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg