Мен айылда, күйөөм Москвада. Ушундай жашоодон тажап, баса бердим

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен айылда жашайм, айылга турмушка чыккам. Турмуш курганыбызга жакында төрт жыл болот. Тойдон кийин эле Москвага кеткенбиз. Ал жактан кош бойлуу болуп, жети айдан ашканда айылга келдим. Жолдошум калды. Ошондон бери жолдошум кышында келип, биз менен үч ай турат да, жаз келерде кайра кетет Москвага. Ошентип жүрүп эки балалуу болдук. Эми төркүнүмө келдим. Кайра-кайра чалып, “үйгө барбайсыңбы. Апам өзү жалгыз отурат” деп урушуп атат. Мен тажадым ушул жашоодон. Күйөөмдүн келип кетип жүрө бергени тажатты. Күйөөң алыста жүрсө, бара-бара көңүлүң деле сууп калат экен. Ачуум келип барбай жүрөм. Мен айылда бүт тириликти кылып, бир сомго ээ болбой жүрө беришим керекпи? Сиздер кандай ойлойсуздар? Кимде дагы ушундай жашоо, мага окшогондор барбы? 

Айгүл 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg