Саясат

Мелис Мырзакматов партия тандап, биригүүнү маалкатып аткан чагы

“Улуттар Биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов соңку учурда бир топ саясый күчтөр менен баарлашып, консультацияларды өткөрүп, аягында толук кандуу чечим кабыл алганга шашылбаптыр. Бирок, дээрлик башка уюм, топтордон айырмаланган “Ата Мекен” партиясына ыктап, кошулууга ниет кылып атканын эшиттик. Соңку убакта Өмүрбек Текебаевге байма-бай жолугуп, чай ичкени да бекеринен эмес… Эске салсак, 2015-жылы “Улуттар Биримдиги” парламенттик шайлоого “Ата Мекендин” желеги аркылуу барышкан. Бу саам кандай болорун убакыт көрсөтөт. О.э. Мелис Мырзакматов бийликчил күчтөргө да кылчактап, “Ишеним”, “Ата Журт Кыргызстанга” көңүлү түшүп турганын билдиришти. Кыязы, “кара кыздын багынан” дегендей, жакынкы күндөрдө Мелис Мырзакматов командасы менен кайсы партияга кошуларына күбө болосуңар.

“Азия Ньюс” гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *