№1 тергөө абагында отурган жарандык активист Мелис Аспеков инфаркт алып
Улуттук кардиология борборунда жатат. Бул тууралууу анын иниси Азамат
Аспековго таянып “Азаттык” жазды.
“Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин шалаакылыгы болуп калды. Уч күн
мурун колдорум иштебей жатат, өзүмдү жаман сезип жатам деп кайрылган. Жаш
доктур кызды киргизип, абалы жакшы деп коюшкан. Азыр эс-учун билбей, кома
абалында жатат”, – деди Азамат Аспеков.
Жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев “Кыргыз темир жолу”
мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген
шек менен быйыл 8-январда кармалган. УКМК экөөнө каршы Жазык кодексинин
“Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
24-майда Аспековго карата Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен
дагы бир кылмыш иши ачылганы маалым болгон. 8-январдан бери УКМКнын тергөө абагында отурган Мелис Аспеков экинчи айып тагылгандан кийин, 21-
майда №1 тергөө абагына которулган. Ал муну “коркутуу аракети” деп баалаган.
Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына Садыр Жапаров шайлоо
компаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион
доллар алганы тууралуу жазган. Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты
төгүндөгөн.