Мектептерде акыркы конгуроо кагылууда.

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 25-майда Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча быйыл 9-11-класстарды 180 миңден ашуун улан-кыз аяктайт. Алардын 70 миңге жакыны 11-классты бүтүрүүдө.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жалпы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларды эмгекчил болууга, кесипти туура тандоого үндөдү.

Ал эми министрдин орун басары Расул Абазбек уулу А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейине барып, акыркы коңгуроо салтанатына катышты.

Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg