Мектепте ызы-чуу жараткан күчүк жергиликтүү жылдызга айланды

Мектепте ызы-чуу жараткан күчүк жергиликтүү жылдызга айланды

25-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Буга чейин мектепте ызы-чуу жараткан  күчүккө туристтер келе башташты. Бул тууралуу блогер Максым Баткенский социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармакта окуучу итти баштыкка салып мектепке алып келген видео пайда болгон. Мугалим аны урушкан. Кийинчерээк бул видео коомчулукта резонанс жаратып, көптөгөн интернет колдонуучулар мугалимдин агрессивдүү реакциясын айыпташкан.

Андан соң мугалим элден кечирим сурап, балага телефон жана велосипед белекке берилген.