
Мектеп рэкетчилиги: Чүйдө чоң класстын окуучулары кичүү балдарды сабаган (видео)
05-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСоцтармактарга Чүйдө чоң класстын балдары өзүнөн кичүү окуучуларды сабап жатканы тартылган видео тарады.
Видео жарыяланган баракчасында айтылгандай, окуя Чүйдүн Новопавловка айылындагы мектепте болгон. Видеодо 9-класстын окуучулары 8 класстын балдарын сабап жатканы тартылган.
Чүй облустук милициясы окуя боюнча билдиргендей, учурда аталган факт Сокулук райондук милициясында каттоого алынып, териштирүү иштери башталды. Милиция окуяга катышкан окуучулардын өздүгүн тактап жатат. Кийинчерээк кошум маалымат берилет.
Милициядан белгилешкендей, аталган факт Сокулук райондук милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.
Булак: Аргумент кж