
Мектеп окуучулар арасында баңгизаттарга байланыштуу текшерүүлөр жүргүзүлөт
19-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваМектеп окуучулар арасында баңгизаттарга байланыштуу пландык текшерүүлөр жүргүзүлөт.Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Динара Ашимова сунуштады.
Сунуш кылуунун себеби,»азыркы учурда окуучулар билим берүү имараттарында эле массалык түрдө синтетикалык баңгизаттарды колдонушат. «Мурда окуучулардан баңгизатын колдонууга текшерүү үчүн үлгүлөр алынчу. Учурда мындай текшерүүлөр жүргүзүлбөйт. Бул тажрыйбаны кайтарыш керек. Баңгичиликке каршы күрөшүү керек, анткени бул оору», — деди Ашимова.
Депутат текшерүүлөрдү киргизүү мектеп окуучуларынын укугун бузбайт деп эсептейт.
Булак:Аргумент кж