Мээрбек Мискенбаев: “Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев сотко келбей, тойлоп жүрүшөт”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Мээрбек иним, Кой-Таш окуясы боюнча соттон кеп салчы? 

— Кой-Таш окуясы боюнча сот ар жуманын биринчи, үчүнчү, бешинчи күндөрү эртең менен башталып, кечке чейин болуп атат. Учурда ИИМдин кызматкерлери суралууда. Алар жабырлануучу катары окуянын болгонун болгондой айтып, бизге болгон дооматтарынан баш тартып, коюлган күнөөлөрүбүздү далилдеп бере алышкан жок.

— Сиздер күбөгө чакырган Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев ж.б. келип баштадыбы?

— Кой-Таш окуясынын соттук отурумуна катышып аткандардын баары күнүгө эле “Кашкар Жунушалиевди, Орозбек Опумбаевди, Өткүрбек Жамшитовду, Алмамбет Салиевди жана башкаларды күбө катары чакыргыла” деп атабыз. Бул маселени бүгүн да көтөрүп чыктык. Бу жерге ИИМдин жүздөн ашык кызматкерлерин чакырбай эле, Кашкар Жунушалиевди эле чакырышса, окуяны чыпчыргасын коротпой айтып берсе дейт элем. Буга кошуп Орозбек Опумбаев менен Сооронбай Жээнбековду кошо чакырып, алардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде эле Кой-Таш окуясына байланыштуу соттук отурум аягына чыкмак, чындык, акыйкаттык орномок. Бирок, соттор, прокурорлор аларды чакырбай атышат. Белгилүү эле да, соттор Жунушалиевди, Опумбаевди, Жээнбековдорду калкалап атышат, муну мен ачык эле айтып коёюн. Алар келмейинче, сот буга чейин кандай бир тараптуу болуп келсе, азыр деле ошондой өтө берет.

— Сен айтып аткан Жунушалиев, Опумбаевдер азыр кайда?

— Экөө тең Бишкекте эле жүрөт. Тойлорго барып атканы айтылууда. Кой-Таш окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрү ушулар да. Дагы бир жолу айтып коёюн, Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев, Өткүрбек Жамшитов, Алмамбет Салиевдер Кой-Таш окуясы боюнча биздин ордубузга соттолуп, түрмөгө отурушу керек!

Сурат Жылкычиев

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg