Мээрбек Мискенбаев: “Биз Бакиев менен Жээнбековду кечирбейбиз!”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди ушу күнгө чейин “сатпаган” тарапташтары, колдогон эли, анын ичинде “Шаршенович” деп күйүп-бышып жүргөндөрдүн арасында Мээрбек Мискенбаев да бар экенин коомчулук жакшы билет. Дубайдагы боло турган президенттердин жолугушуусуна аттантып, аэропортко чейин шефин өзү узатып барган. 

— Мээрбек мырза, Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековду кечиргенин кандай кабыл алдың?

— Мен Алмаз Шаршеновичти аэропортко чейин узатып, жанында болдум. “Сооронбай Жээнбековду кечирдим” дегенин өз оозунан уккан жокмун. “Кудайга койдум!” дегенин гана айтты. Кыргыз мамлекетин бир мөөнөткө толук башкарган ажо адам катары, бийик сапаты, адамгерчилиги, калыптанган сыпайы мүнөзүндө Сокени жеке өзү кечирсе – ал өзүнүн айкөлдүгү, жеке иши. А бирок биз эч качан Акаевди, Бакиевди, Жээнбековду кечирбейбиз. Өзүм Бакиев менен Жээнбековду кечирбейм! Бакиев кыргыздын 90дон ашык эр азаматтарынын өлүмүнө түздөн-түз себепкер болгон, колу канга боёлгон адам. Эки миңден ашык адам мунжу болду. А Сокени кечирүү мүмкүн эмес. Эң жакын досун сатып ийген чыккынчынын орду өмүр бою түрмөдө болуу керек! Бакиев Кыргызстанга келди дегиче мунун да орду түрмө болот!

Сурат Жылкычиев  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg